7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” аэропорту музга каршы иштетүүчү дреайсер машиналарын сатып алды

8

“Кыргызстан аэропорттору” ААК “Vestergaard Company A/S” (Дания) компаниясынын учуп кетүү алдында аба кемелерин музга каршы иштетүү үчүн үч жаңы деайсер атайын машинасын сатып алды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дреайсер учактарды жерде тейлөө үчүн техниканы, биринчи кезекте музга каршы иштетүүчү жабдууларды (деайсерлерди) жана жердеги башка авиациялык жабдууларды иштеп чыгууга жана чыгарууга адистешкен Даниялык өндүрүүчү компания.

“Бул бренддин техникасы дүйнө жүзү боюнча аэропорттордо пайдаланылып, өзүн ишенимдүү, технологиялык жана эл аралык жогорку стандарттарга ылайык экендигин көрсөтө алды. Бул жабдуу учактын аэродинамикасына муздун жука катмары дагы таасир бериши мүмкүн болгон кыш мезгилинде негизги ролду ойнойт. Жаңы деайсерлер бортторду тез, текши жана эл аралык стандарттарга толук шайкештикте иштетүүгө жол берет. Биз инфраструктураны жаңылоого системалуу инвестициялап жатабыз, анткени, – авиация учуп чыгуудан эмес, жерде – адамдардан, процесстерден жана жабдуулардан баштала тургандыгын түшүнөбүз”, — деп жазылат маалыматта.

9