«Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо кырсыктаган автобуста жабыркаган 16 бала оорукана түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Тез жардам кызматына чакыруу саат 11:15те түшүп, кырсык болгон жерге эки бригада жөнөп кеткен. Жабыркагандар тез жардам кызматы жана жолдо келе жаткан унаалар менен №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң Бишкектеги тез жардам борборунун бригадалары тартылып, алар жабыркаган балдарды шаардык тез жардам ооруканасына алып кеткен.
Болжол менен кырсыктын кесепитинен 16 адам жабыркаган. Тизме түзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, эки бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Такталган маалымат кийинчерээк берилет.