7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

204

«Манас» эл аралык аэропортунда террордук акт коркунучу тууралуу маалымат түшкөндөн кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Аэропорттун басма сөз кызматы маалымдагандай, коопсуздук кызматы аэробекеттин имаратын жана ага чектеш аймакты тыкыр текшерип жатат.

«Биз тараптан бардык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Имарат жана аэробекетке чектеш бүткүл аймак текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аэропорттун иши штаттык режимде уланып жатат, жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча кызматтар тартылды. Расмий ведомстволор жарандардан сабырдуулукту сактоону жана маалыматты расмий булактардан гана алууну суранат.

205