7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Манас” эл аралык аэропортунда CAT III системасы ишке кирди

1
“Манас” эл аралык аэропортунда CAT III категориясы боюнча конуу системасы ийгиликтүү иштеп жатат.
“Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул жөн гана техникалык жаңылануу эмес, өлкөнүн бүтүндөй авиация тармагынын өнүгүүсүндөгү маанилүү этап.

«CAT III системасы аба кемелерин өтө чектелген көрүнүү шарттарында — ондогон метрге чейин — кондурууга мүмкүнчүлүк берет. Бул айрыкча күз-кыш мезгилинде актуалдуу, анткени мурда туман жана татаал аба ырайынын шарттары каттамдардын кечигишине, запастагы аэродромдорго бурулуп кетишине жана каттамдардын токтотулушуна себеп болуп келген. Мурда көрүнүү белгиленген минимумдан төмөндөгөндө, экипаждар экинчи айлампага кетүүгө же каттамдарды башка багытка бурууга мажбур болушчу. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып, авиакомпаниялардын чыгымдарын көбөйтүп, каттамдардын аткарылышынын алдын ала болжолдуулугун төмөндөтчү. Бүгүнкү күндө CAT III системасынын аркасында аэропорт татаал метеошарттарда да аба кемелерин кабыл алууну жана жөнөтүүнү камсыз кыла алат. Биз үчүн бул инфраструктураны модернизациялоо, алдыңкы технологияларды киргизүү жана аэропортту эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ырааттуу иштин жыйынтыгы болуп саналат»,- деп билдирген ал.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

2