7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы кармалды

313

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал «Манас Менеджмент Компани» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдар аркылуу жүк ташуудагы коррупциялык схема боюнча кармалган.

Мурат Примбердиев коррупцияга шектүү катары 17-февраль күнү кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314