7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаары өлкөнүн борбору болушу мүмкүнбү? Ташиев жооп берди

223

Манас шаарын Кыргызстандын борбор шаары кылууну референдум аркылуу эл чечет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Манас шаарын борбор кылуу боюнча азырынча жетекчилердин дагы, саясатчылардын дагы оюнда жок.

«Бирок, Манас шаары — Кыргызстандын борбору деп аталып калса соонун эле болмок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлүп калса, анда аны кайсы бир саясатчы, жетекчи же кандайдыр бир топ эмес, референдум аркылуу эл чечиши керек. «Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу» деп эле референдум кылып койсо эл өзү чечип коет», — деди ал.

Ташиев эл макул болсо борбор жылдырыла турганын, макул болбосо жылдырылбай турганын кошумчалады.

224