Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарында “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейи курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Эске салсак, буга чейин аталган объекттин жалпы сметалык наркы 2,1 миллиард сомдон ашык экендиги аныкталып, курулуштун 1 чарчы метринин баасы 1 103 АКШ долларын түзгөн.
Президенттин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоордун сметалык наркы кайра эсептелип, оптималдаштырылган. Натыйжада курулуштун 1 чарчы метринин наркы 750 АКШ долларына чейин төмөндөтүлүп, объекттин жалпы сметалык наркы 1,7 миллиард сомду түзгөн. Учурда курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылып, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, Курулуш министри Нурдан Орунтаев 28-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар курулуш объектилерин, анын ичинде “Акылман” атындагы Президенттик мектеп-лицейинин курулушун жеринен текшерген.
Мектеп-лицейдин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт. Долбоорго ылайык, үч кабаттуу, 360 окуучуга ылайыкталган окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн беш кабаттуу, 25 батирден турган турак жай курулууда. Окуу корпусунда 34 окуу классы, ашкана, китепкана, жыйындар залы, предметтик лабораториялар, узундугу 25 метрлик бассейн жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы каралган. Ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетика үчүн чуркоо жолу курулуп, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө объекттеги курулуш-монтаждоо иштери 75 пайызга аткарылды. Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө.



