7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рысбай Исаков 124 саат Манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди (ФОТО)

1260

Манасчы Рысбай Исаков 124 саат Манас айтып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат,спорт жана жаштар минисрлигинен билдиришти.

Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан “Манас жумалыгынын” алкагында Кыргыз Респбуликасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталды.

Ага Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касамбетов, “Түрксой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, манасчылар жана коомчулук катышты.

Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери
боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталаган багытта катталууда Гиннес тарабынан бекитилген талаптарды сакталгындыгы айтылды.

Салтанаттуу иш- чаранын алкагында манас айтуу, аны сактоо жана таанытууда түрк дүйнөсүнүн мындай биргелешкен иш- чара улуу Түрк атанын балдары болгон элибиздин ынтымагын бекемдеп, аны даңазалоого жол ачылат.

Иш- чарада эл алдына түрк, казак жана кыргыз манасчылары манас айтып, майрамдык маанай тартуулады.

Эске салсак, аталган “Манас жумалыгы” Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш- чара болуп калды.
Иш- чаранын алкагында “Түрксой” эл аралык уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1261