7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манастагы Алийма Ташиева атындагы оорукананын статусу өзгөрөт

15

Саламаттык сактоо министрлиги «Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө өлкөдөгү тар профилдеги медициналык мекемелердин басымдуу бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларында топтолгон. Бул жагдай алыскы аймактардагы бейтаптарды жеткирүүдө убакытты созуп, борбордук ооруканаларга ашыкча күч келтирүүдө. Жаңы борборду түзүү демилгеси дал ушул Жалал-Абад облусунун жана ага чектеш аймактардын калкынын адистештирилген жардамга болгон муктаждыгынан келип чыккан.

Жаңы түзүлө турган мекеме аялдарга жана балдарга заманбап, коопсуз жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү көздөйт. Негизги багыттары:

  • Акушерлик жана гинекология;
  • Неонатология жана педиатрия;
  • Балдар хирургиясы;
  • Репродуктология жана онкоскрининг.

Долбоорго ылайык, борбор баштапкы медициналык мекемелер менен стационарлардын ортосундагы тыгыз байланышты камсыз кылат. Бул ооруларды эрте аныктоого жана кош бойлуулар менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга шарт түзөт.

Алийма Ташиева атындагы борбор медициналык кызмат көрсөтүүдөн сырткары, илимий-практикалык база катары да кызмат кылат. Мында:

  • Медицина кызматкерлеринин квалификациясы жогорулатылат;
  • Окумуштуулар кеңеши жана локалдык этикалык комитет иш алып барат;
  • Эне жана баланы коргоо тармагында жаңы илимий методдор иштелип чыгат.

Бул демилге ишке ашса, аймактагы эне жана бала өлүмүн азайтууга, ошондой эле медициналык кызматтын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң өбөлгө түзүлөрү күтүлүүдө.

16