7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манастын уулу Семетей» тасмасындагы бурмаланган идеялогия, эпосто жок учурлар

922
Өткөн жумадан бери манасчылар Манас, Семтей эпосторунун негизинде режиссёр Өмүрзак Төлөбеков   тартып жаткан  «Так мураскери, Манастын уулу Семетей»  тасмасына нааразычылык билдирип келет. Алар тасманын сценарийин окуп чыккан соң, эч бир манасчынын вариантында жок, бурмаланган жайлар бар экендигин байкашкан.
Бир нече манасчылар атайын маалымат жыйын өткөрүп, тасма мындай сценарий менен тартылбашы керектигин, аны токтотууну талап кылышкан.
Манасчы Рысбай Исаков, кинонун сценарийиндеги төбө чачты тик тургузган идеялогиялык бузууларды тизмектеп, социалдык баракчасына жарыялады.
«Жалпы журттун сынына. Манасчылар тасма тартууга каршы дегендей көз караштар бар экен. Биз эмнеге каршыбыз? Кыргыз дөөлөтүнүн тебеленишине каршыбыз.  Айрымдар пикири жакын адамдардын көңүлүн сыйлап унчукпай турат. Бирок жалпы улуттук баалуулуктар тебеленген жерде жеке адамдын көңүлү кеппи? Окуп, өзүңөр баа бергиле. Мынакей, «Манастын уулу Семетей» тасмасынын сценарийинин айрым жерлери«- деп жазат манасчы Исаков.
  • 2-КӨРҮНҮШ
Хан сарай.
Тактыда Көбөш Кангай өкүлү менен отурат.
Көбөш: — Манас мага аталаш бир тууган болгон менен эки элди кыйнап,
канча миңдеген кишинин канына себепкер болду. Манасты жоготкон
сиздерге, Коңурбай ханга ыраазыбыз. Мына, эми согуш токтоп, бир
кишинин артынан канча миңдеген кишинин жаны аман калды.
Кангай өкүлү: — Сизге Конурбай башчы зор салам айтты. Элиңизди
өзүңүздөрдүн салт менен башкара бересиз. Болгону бизге салыкты төлөп
турсаңар болду.
Көбөш: — Баш аман болсо, дүнүйө табылат. Эл аман. Салыкты төлөп
турабыз, андан кам санабаңыздар.
Өкүл: — Мен кеттим, анда. Иштерди ирээттейин. Сизге жакшылык
каалайбыз!
Өкүл кол алышып коштошо кетүүгө обдулду.
Көбөш кош колдоп коштошо узата басты.
Көбөш: — Ыраазымын! Сизге жигиттер дайма жардамдаш болушат. Биз
сиздин кызматыңыздабыз. Кечке келип тамак жеп кетиңиз. Тай сойдук
сизге арнап.
Өкүл: — Макул. Кечке дагы кенен сүйлөшөөрбүз.
Өкүл кетти.
Көбөш тактыга маашырлана отурду.
Көбөш: — Манас тирүү чагында ээ кылбай баарына,
Энеси бөлөк дегенсип жолотчу эмес жанына.
Айла-амал жок экен адамдын көрсө багына!
Ал өлөөрү менен минтип ээ болуп отурам ордо, тагына.
Көбөш кыйкырат: — Эй, чоролор!
Эшиктен эки чоро баш багат.
Көбөш: — Кана, кыздарды киргизгиле. Кечки конокко кыздарды даярдайлы.
Селкилдеген жаш селкилер чубап кирет.
Көбөш колуна чөйчөк кармай кыздарды кумарлана тиктейт.
10-көрүнүштүн алдында Тайторунун чабылышы окуясы кетиши керек эле, драмада бар, кино сценарийде жок…
  • 17-КӨРҮНҮШ
Семетей менен Каныкей кароол чокуну аралап басып келатты.
Сейит баш болгон чоролор аларды акмалап арытада жүрүштү.
Каныкей: — Балам, мына сенин киндик каның тамган жериң… Айкөл атаң
журт курап, эл сурап дооран сүргөн касиеттүү жер ушул…
Семетей: — Айкөл атамдын киндик каны тамган ыйык жер… Сөөгү жаткан
жай… Алтайда тура…
Каныкей: — Ооба. Уктуңбу?
Семетей: — Бакай атам айтты.
Каныкей: — Антип алыска жөнөтпөсөк биерде кутурган иттей акшыңдаган
кастар сөөгүн кордоп, тытып кетпейт беле?!.
Семетей: — Мен атамдын киндик каны тамган, сөөгү жаткан Алтай жерине
барып, куран түшүп, арбагына таазим этип келем.
Каныкей: — Мен да барам!
  • 18-КӨРҮНҮШ
Алтай жергеси.
Бийик тоолор, чытырман токойлор, көк кашка мөңкүп аккан дарыя,
чалкайган көркөм талаа.
Акай Семетейди ээрчитип кең байтак талааны аралап келатты.
Алардын артында Каныкей, Бакай, Сейит баштаган чоролор.
Акай: — Сенин атаң, биздин ыйык досубуз жана жол баштоочубуз айкөл
Манас так ушул жерде көз жарган.
Семетей айланага ынтаалана көз таштайт.
Акай: — Тээ тиги дөбөчөдө айкөлдүн сөөгү жатат.
Семетей дөбөчөгө чукулдап токтоду.
Семетей: — Ата! Мен келдим!
  • 19-КӨРҮНҮШ
Семетей элчилер менен отурду.
Кытай элчиси: — Улуу Кытай императору сизге жакшылык, элиңизге
байгерчилик тилейт!
Семетей: — Ыраазымын улуу эл башчыга!
Кытай элчиси: — Жакында кангайларды ордуна коюп, аймакта ырааттуу
жашоо ыңгайын түзөөрүңүзгө ишенебиз. Андан ары сиздер менен,
сиздердин аймак аркылуу алыскы жактарга соода-сатыкты өркүндөтө
берсек деген максатыбызды колдоорсуз.
Семетей: — Сиздердин соода-сатыктан элибизге пайда гана келип жатса,
арийне, кош колдоп кубаттайбыз.
Кытай элчиси: — Ыраазылык!
Түрк элчиси: — Бир тууган түрк калкы, эл эгеси сизге жана элиңизге тынчтык,
бакубатчылык тилектеш!
Семетей: — Улуу түрк журтуна жана анын жол башчысына бизден чексиз
ыраазылык!
Түрк элчиси: — Атаңыз Манастын жолун улап,өз элиңизде жана алыскы,
жакынкы кошулар менен ынтымакта, бардык жактарга пайдалуу мамиле
күтөөрүңүзгө ишенебиз.
Семетей: — Кам санабаңыздар бардык жагдай туура жана калыс каралат.
Түрк элчиси: — Ыраазымын!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

923