7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мандат жетпей калат» Нуржан Шайлдабекова партияларды биригүүгө чакырды

968

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияларды биригүүгө чакырды. Себеби партиянын көп болушу добуштардын бөлүнүшүнө алып келип, жыйынтыгында көпчүлүк шайлоочунун өкүлү парламентке өтпөй калат.

«2010-жылы өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышкан, босого 5 пайыз болчу. Бул Жогорку Кеңешке өтүүгө жакшы шарт болду деген психологиялык иллюзияны түзгөн. Бирок 29 партиянын көпчүлүгү мандат бөлүштүрүүдө четте калып калышкан. Добуш берүүгө катышкан 36 пайыз шайлоочунун өкүлдөрүнө мандат жетпей калган. Анткени 19 партия өтпөй калган. Алдыңкы катарда оппозициялык партиялар өткөндүктөн мындай кемчилик байкалбай калган.

2015-жылы өткөн шайлоодо 14 партия катышып, 6 партия өткөн. Анда партиялар биригип, электораты да бир багытта болушкан, жыйынтыктар тең салмактуу болгон. Шайлоодон кийинки абал дагы туруктуу болгон.

Быйылкы шайлоодо партиялар өз колу менен шайлоодон кийинки кризисти жаратып алышы мүмкүн. Себеби партиялардын саны көп, атаандаштык бар, мындан улам добуштар бөлүнүп кетип, көбүнө мандат жетпей калат», — дейт Шайлдабекова.

2020-жылы өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо 44 партия арыз берип, 16сы катышкан.

Быйыл парламентке келе турган 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия катталган. Анын ичинен алты партия шайлоо фондун ача элек, эки партияны каттоодон баш тартылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

969