Ак-Ордо-3 конушундагы Марал Шаболотованын жаңы үйү салынып бүттү. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын кызматкери Эрнис Ашырбаев социалдык тармактардан билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунун Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 жаңы конушунда соттун чечими менен Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлгөн.
4 баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотовага президенттин тапшырмасы менен ошол эле жерге үй салына баштаган.