7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат, Жаныш Бакиевдердин мамлекетке өткөн үйлөрүн азыр ким колдонот?

1169

Марат менен Жаныш Бакиевдердин конфискацияланган үйлөрү ар кайсы мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Мамлеккеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров брифингде билдирди.

Ал кылмыш иштеринин алкагында турак-жайлары конфискациялангандардын айрымдарын тизмектеп, Мамлеккеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына Елисеевдин, Кимдин, Үсөновдун жана Жаныш, Марат Бакиевдердин кыймылсыз мүлктөрү бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун алкагында өткөрүлгөн.

2018-жылы Марат Бакиевдин Жибек Жолу проспектиси, 519 дарегинде жайгашкан турак-жайы мамлекеттин мүлкүнө өткөн. Ал эми 2019-жылы обьект Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн.

Жаныш Бакиевдин Кудайбергенов көчөсү, 23 дарегиндеги үйү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын менчигине өттү. Мамлеккеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө имаратта жакында эле түзүлгөн «Шумкар» ААКсы жайгашкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1170