Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов даарылардын баасына көзөмөл жок экендигин айтып, дары-дармек менен камсыздоо департаментин сынга алды. Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинети кезексиз жыйынга чогулуп, курчуп бараткан пандемиялык абал тууралуу кеңеш өткөргөн.
«»Цефепим» -деген даары Бишкекте 121 сом турса, Таласта 953 сом экен. Айырмасы өтөле чоң. Департамент эмнени карап олтурат, эмне үчүн баалар көзөмөлдөнбөй жатат? ..же учурдан пайдаланып каалагандай баа коюп алса боло береби? Департамент качан иш кылат? Мен дарыларды маркирлөөнү тапшырма берген элем, бул жаатта да эч кандай иш аткарыла элек«, -деди ачуусу келген Марипов.
Ал Саламаттыкты сактоо министрине ар бир оорукана, дарыканаларды дары-дармек менен камсыздоо ишин тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.
Андан соң, энергетика жана өңдүрүш министрлигине кайрылып өлкөнүн түндүк жана түштүк бөлүгүнө бирден суюк кислород станциясын курууну тапшырып, планын 2 күн ичинде текшермек болду.