Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында, бүгүн, 29-апрелинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан Республикасынын пемьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өтөрүн, өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашат.
Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.
Бүгүн Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.
Учурда чек арада чыккан чырдын кесепетинен 1 адам каза болуп, 31 киши жабыркады.