7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Ош — Баткен — Исфана автожолун жеке көзөмөлүнө алмай болду

754

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган.

Белгилесек, долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:
1)  Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);
2)  Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу.

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.
Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө турат.

Маалымдама: «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат.
Кредиттин суммасы – 11,915 млрд. япон йени (болжол менен 116.47 млн. АКШ долл.), мамлекеттик бюджеттен 1,727 млрд. япон йени (болжол менен 16,88 млн. АКШ долл.) бөлүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755