7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облус жетекчисинин маалымат катчысы жетекчиге кеңешчи болуп дайындалды

4101

Бүгүн, 19-апрель күнү Нуркыз Кадырбек кызы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын кызматка дайындалышы боюнча буйрукка Жарасул Абдураимов кол койгон.

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы болуп эмгектенип келген. 11-апрелдеги жергиликтүү кеңешке шайлоодо «Ыйман Нуру» партиясынан алдыңкы  катарда талапкер болгон.

Нуркыз Кадырбек кызы — 1978-жылы 5-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн.

2001-жылы Ош МУ нун филология,

2012-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, 2015-жылы КР дин Президентине караштуу башкаруу Академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча магистрлик ишин коргогон.

2015-жылы АКШ дан мамлекеттик департаментинин “Саясаттагы лидер айымдар” мектебин окуп кайткан.
2001- жылы Ош МУ да окутуучу, 2002 –2009-жылы тарбия иштери, сырткы байланыштар боюнча декандын орун басары болуп иштеген.

2000-жылдан бери “Эл ТР” КТРК сында эмгектенип, 2009-2014- жылдары маданий- музыкалык көрсөтүүлөр бөлүмүндө продюсер катары эмгектенип,  «ТИЛИБИЗ-ТИРЕГИБИЗ”, Мамлекеттик баалуулуктарды ар тараптуу даңазалоочу «Арыба, Ата журт!» “Ишембиде кечинде”, “Асылзат” телепрограммаларынын автору жана алып баруучусу катары таанылган.

2009-2010-жылдары КР дин Президенине караштуу жаштардын Ош областтык мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын орун басары катары тил жаатында эмгектенген.
2011- жылдан бери “Республикалык “Кыргыз тили” коомунун” түштүк аймагы боюнча жетекчиси, вице- президенти.
2010- 2012-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.
2012-жылы Ош шаардык кенешинин 4 чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2015-жылы “АСЫЛЗАТ” айымдар коомунун президенти.

2015-2017-жылдары “7-канал” ТРК сынын Ош өкүлчүлүгүн жетектеген.
2017-2018- жылы жеке компанияда юрист болуп иштеген.
2018-жылдын декабрь айынан бери КР дин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс- катчысы.
2019-жылдан бери Кыргызстан аялдар кеңешинин Ош облустук бөлүмүнүн төрайымы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4102