7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов Токиого аттанган Паралимпиадалык курама командага желек тапшырды

717

Бүгүн, 17-август Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Паралимпиадалык курама команданы кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы спортчуларга ийгиликтүү катышууну жана жаңы жеңиштерди каалады.

«Спорт адамдарды бириктирет, эркти чындайт жана бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Спорттук жыйынтыктарыңыздар менен сиздер кандай гана кыйынчылык болбосун жеңе алаарыңыздарды далилдедиңиздер, жеке үлгүңүздөр менен, сиздер эрктин жана коюлган максатка умтулуу эмне экенин көрсөттүңүздөр. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли сиздерди колдойт. Ийгиликтүү катышыңыздар», — деп Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргыз Республикасынын желегин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт.

Ата мекендик спортчулардын арасында алдыдагы мелдештерге лицензияларды эки адам утуп алды: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

718