7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чогуу арак ичишкен» Караколдо 43 жаштагы жездесин өлтүргөн жаран кармалды

774

Каракол шаарында 43 жаштагы жаран киши колдуу болуп каза болду. Анын өлүмүнө кайниси шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматына ылайык, Каракол ШИИББинин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан жашы болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы, европалыктарга түспөлдөшкөн жаран денесинен жаракат алып түшкөндүгүн жана эсине келбей каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ошондой эле, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене «этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда аталган жаран ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам каза болгондугу тастыкталган. Буга ылайык, кылмышка шектүү аныкталып, ал каза болгон адамдын 30 жаштагы А.Ф. аттуу кайниси экени белгилүү болгон. Шектүү алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Анын айтымында, кечке жуук дүкөнгө кирип, ал жерден жездесин жолуктурган. Алар дүкөндөн спирт ичимдиктерин сатып алып, чогуу ичишкен. Кызып калганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ал жездесин сабап кетип калгандыгын билдирген», — деп берилет маалыматта.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775