Ооганстанда бийлигин орноткон Афганстан Ислам Эмираты кечээ, алгачкы указын жарылады. Ага ылайык, баңги зат ташыгандарга, бачабаздык менен алектенгендерге өлүм жазасы киргизилди жана аялдар өз алдынча сейилдөөсүнө тыюу салынды.
- Өз алдынча адам өлтүрүүгө тыюу салынат. Адам өлтүрүүчүнү жазалоодо Шарият сотунан өткөн сот жок!
- Баңги затын өндүрүү, сатуу жана таркатууда ортомчулук кылууга — өлүм жазасы.
- Салтка айланган бачабаздык, өспүрүм балдарды бийлетүү мыйзамсыз деп таанылат жана анан жазасы өлүм жазасы деп бекитилет.
- Афганстан Ислам Эмиратында кредиттик пайызга тыюу салынат. Андыктан баардык пайыздык карыздар жокко чыгарылат.
- Храмдарга сыйынууга жана мүрзөлөрдө курмандык чалууга тыюу салынат. Ар кандай тумар, төлгө салуу жана сыйкырчылык- кылмыш, шарият боюнча жазага тартылат.
- Афганистан Ислам Эмираты өлкөнү өнүктүрүү үчүн, дүйнөнүн булуң бурчунан инженерлер менен дарыгерлерди чакырат. Биз аларга жогорку маяна төлөп беребиз.
- Кол өнөрчулөр менен соодагерлер бизнесин кооптонбой уланта берсе болот.
- Аялдар махрамы жок( эркек кишинин коштоосу жок) эс алууга чыгууга тыюу салынат.
- ЖМКлар (медиа, пресса, интернет) цензурасыз, эркин чыга алат. Бирок, ушак, жалаа жана бирөөнүн ар намысын кемсинткен учурда Шариат соту менен жазага тартылат.
Маалымат булак: Кавказ Центр