7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев “үйлөнүү максатында ала-качуу”-деген беренени алып салууну сунуштады

621

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кезектеги жыйында, КР кылмыш жана жоруктар беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

“Келиңиздер, баарыбыз биргеликте ушул маселеге чекит коёлу. Мындан аары “алып качуу” деген нерсени жоёлу. Жазык кодексинин 175-беренесинде жазылып турат, “Үйлөнүү максатында ала качкандарга, үчүнчү категория боюнча 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат” -деп. Ушуну жокко чыгаралы! Үйлөнүү максатында ала качуу деген болбосун, бул адам уурдоо. Аларга 2,3 жыл эмес, 10 жылдан 15 жылга чейин берели”-деди эл өкүлү Маматалиев.

Ошону менен бирге,  жоопкерчиликтүү адамдарды бүгүн жумуштан да алалы, деген сунушун кошумчалады.

КРнын Жазык кодексинин 154-155-беренесине ылайык кыз ала качкандарды он жылга чейин эркинен ажыратуу жана 180 000, 220 000 сом айып пул каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622