«Өчпөс отту өчүргөн жаранды 2 саатта табышты, Айзаданы 2 күн издеп табышкан жок», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова парламенттин жыйынында.
Бүгүнкү жыйында ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы Айзаданын өлүмү катуу талкууланууда.
«Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы 2 күн издеп табышкан жок. Негизи издедиби же жокпу? Бул ала качуу экенин кандайча билишти? Бул жерде ИИМ жана башка жетекчилердин кызматын карап көрүү керек. Биз өлкөнү туристтик өлкө катары тааныткыбыз келет. Бирок интернетти карасак ала качуу дегенде Кыргыз өлкөсү чыгып жатат», — дейт депутат.