«Айзада атасыз өскөн үйдүн жалгыз кызы болчу», — дейт курбусу Аяна Байтемирова. Бул тууралуу ал Reporter.kg маалымат булагына билдирген.
Анын айтымында, Айзада Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулуп өскөн.
Курбусу маркум кыздын алдыдагы пландары тууралуу буларга токтолду: «Негизги максаты эчтекеден кем кылбай баккан апасына жакшы жашоо түзүп берүүгө, үй сатып алып апасын көчүрүп баруу болчу. Билимге умтулган, корей тилин билчү. Бишкектеги Кыргыз Түрк «Манас» университетин бүткөн. Апасы Назгүл эже экөө Бишкекте турчу. Волейболду мыкты ойноп, Кыргызстандын атынан Азербайджанга чейин барды. Мындан тышкары дагы чет өлкөлөргө чыгып жүрчү», – деди маркумдун курбусу.
Ошондой эле шектүү Айзаданын жигити эместигин тастыктаган.
«Айзаданы өлтүргөн бала анын жигити экенин жазышууда, бирок андай эмес. Ал бала Айзаданын артынан бир топтон бери аңдып жүргөн. Андан качып, 6 ай контракт менен Түркияга иштегени кетмек. 6 айга иштеп келгени документтеринин баарын тапшырып койгон. Виза 15-апрелден кийин чыкмак. Айзада ал балага турмушка чыгууга ниети жок болчу. Курбум апасын аяп, эч нерсе айткан эмес экен», – дейт ал.