Арслан Качкынов Аламүдүн райондук соттук-медициналык эксперт мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын кандай абалда моргко келгендигин жергиликтүү маалымат булактарына билдирди. Анын айтымында кыз кыйноо менен өлтүрүлгөн.
«Бизге Айзада Канатбекова деген 1994-жылы туулган кыз келип түштү. Азыркы учурда текшерүү толук түрдө бүтүп, жакындары сөөктү алып кетишти. Изилдөөнүн негизинде муунтуп өлтүрүлгөн деген диагноз койуп жатабыз. Мындай чечимге келүүбүздүн себеби мойнунда муунтудан калган тактар бар. Керектүү анализдердин баары алынып, лабараторияга жөнөтүлдү. Алардын жыйынтыгы чыкканда гана бир тыянака келебиз. Ал эми мойнун жумшак жип менен муунткан. Кыз табылган жерге барып көргөм, ошол жерден жипти мен өзүм чечип бергем»-деп билдирген Качкынов.