Жогорку Кеңештин жыйынында Марлен Маматалиев мэриянын шаарды демонтаждоо ишин сынга алды.
“Жарнамаларды алуу жакшы демилге, ал шаарды бир типке келтирген долбоор болот деп ишенебиз. Бирок Манас проспектисин карап көрсөңөр, Бишкек военный госпиталга айлангандай. Коричневый, бежевый кылып, баарын эле бир түскө сырдап бара жатат. Ал түс кимге жакты, эмне үчүн? Северный Кореяга түшүп калгандай эле болосуң. Жакшы түстөр бар го, же мэр өзүнө жаккан эле түсүнө боёй береби?” — деди депутат.