7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев парламенттин Аппаратынын кезектеги жыйынын өткөрдү

15

Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин Аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрүп, Аппараттын жетекчиси Алмасбек Абытовду кызматкерлерге тааныштырды.

Төраганын айтымында, Алмасбек Абытов 18 жыл Жогорку Кеңеште иш алып барган.

“Алмасбек Абытов узак жылдар парламентте Президенттин өкүлү да болуп иштеп, кезинде министрликти да жетектеген. Андыктан, тажрыйбалуу инсан катары парламенттин ишин алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүп, башталган реформаларды аягына чыгарууга жардам берет деген ишеничтемин. Себеби, пландалган реформаларды 1-2 айдын ичинде толугу менен ишке ашырып, Аппараттын ишин жакшыртуу аркылуу парламенттин ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарышыбыз керек”, – деди Төрага Марлен Маматалиев.

Ошону менен катар Алмасбек Абытов баштаган Аппараттын курамына бир топ тапшырмаларды койгон Төрага: “Кызматкерлер саясий оюндардан оолак болуп, ар ким өз ишин чоң жоопкерчилик менен аткарышы кажет. Бөлүнүүчүлүккө жол бербей, бардык депутатка бирдей кызмат көрсөтүлүшү зарыл. Биз мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүү менен санариптештирүү саясатына өзгөчө көңүл бурабыз. Ал үчүн кызматкерлерге карата кесиптик талаптар жогорулап, адистердин потенциалын көтөрүүгө басым жасайбыз”, – деди.

Мындан тышкары, Аппараттагы кадрдык өзгөрүүлөр иштин сапатын көтөрүүгө багытталганын белгилеп: “Чыныгы кесипкөй адистер болсо көтөрүп, ал тургай башка мамлекеттик органдарга да жетекчилик кызматтарга сунуштайбыз. Биздин максат жөн гана алмаштыруу эмес, адистерди шыктандырып, алардын тажрыйбасынан пайдалануу”, – деди Төрага.

Өз кезегинде Аппараттын жетекчиси Алмасбек Абытов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Төрага тарабынан коюлган тапшырмаларды толук аткаруу менен парламенттин алдыдагы өнүгүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырууга болгон күч аракетин жумшарын белгиледи.

16