7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев Жапониянын элчиси Хирано Рюитини кабыл алды

187

Төрага Марлен Маматалиев Жапониянын элчиси Хирано Рюитини кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Жапониянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн учурдагы абалына токтолгон Төрага: “Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өлкөбүздөгү ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү демилгелерибизди колдоого алып келет. Мындан ары да тыгыз кызматташуу аркылуу кыргыз-жапон алакасын жаңы деңгээлге чыгаруубуз кажет. Бул жаатта мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң”, – деди.

Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Хирано Рюити ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылган Хирано Рюити парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки тараптуу иш сапарлардын маанилүү экенин белгилешип, ушул жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын Жапониядагы расмий сапарын уюштуруу маселесин талкуулашты.

188