7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев: Жогорку Кеңеш шайлоочулар менен жигердүү иш алып барышы керек…

8

Бүгүн Жогорку кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жаңы шайланган орун басарлары жана аппарат жетекчиси менен жыйын өткөрүп, парламенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жыйында төрага Жогорку кеңештин ишин санариптештирүү багытында бир катар тапшырмаларды берип, алдыда карала турган маселелер боюнча маалымат алды. Ошону менен катар түзүмдүн негизги иш пландары боюнча пикир алмашуу болду.

Төрага Марлен Маматалиев парламент мыйзам чыгаруу ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, киргизилген долбоорлорду ыкчам кароого басым жасашы керектигин белгиледи.

«Жогорку кеңеш өкүлчүлүктүү орган катары шайлоочулар менен жигердүү иш алып баруусу зарыл. Ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбай, келип түшкөн бардык каттар боюнча тийиштүү жумуштар жүргүзүлүшү кажет», — деди ал.

Мындан тышкары, кеңешмеде уюштуруу жана документ жүгүртүү иштерине байланышкан маселелер каралды. Төрага бул багыттар боюнча жаңы дайындалган аппарат жетекчисине конкреттүү тапшырмаларды берди.

9