7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас абалында унаа башкарып, милиция кызматкерин сөккөндөр кармалды

242

Бишкекте мас абалында унаа башкарып жүргөн айдоочу менен ичиндеги жүргүнчүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү маалында автоунаадан чыккан жүргүнчү милиция кызматкерлерине сөгүнүү сөздөрүн айтып, агрессивдүү мүнөздө өзүн алып жүргөн. Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин убактылуу кармоо жайына жеткирилген.

Медициналык кароонун жыйынтыгында наркологдор айдоочунун да, жүргүнчүнүн да спирт ичимдиктерин колдонгонун тастыкташты. Автоунаа айып аянтчасына коюлуп, айдоочуга карата административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн.

243