7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Маселени чечип беребиз» деп 10 миң доллар алган эки жаран кармалды

130

Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, алдоо жолу менен 10 миң доллар алып, тергелип жаткан кылмыш ишин «оң жагына чечип беребиз» деп из жашырып кеткен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башында Ички иликтөө кызматына К.А.аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1998-жылы туулган С. А. жана 1976-жылы туулган С. М. аттуу жарандар кармалган. Ал эми дагы бир шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1982-жылы туулган А.А. мурда соттолгону жана учурда башка алдамчылык фактысы боюнча УКМК тарабынан камакта экени белгилүү болду. Иликтөө иштери улантылууда.

131