7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн партия лидери менен мүчөлөрү кармалды

668

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн. Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

«Аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Аталган жаран жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн»- деп берилет маалыматта.

Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 5-июнда 30дан ашык катышуучу алынып келинди.

Аталган саясий партиянын төрагасы жана анын негизги шериктери күнөөсүн мойнуна алышкан. Ошондой эле алардан кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдер да алынган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669