7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык башаламандык уюштурууга “ПЛАН” түзгөн жаран кармалды

236

Массалык баш аламандыкка чакырган жаран ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине 1998-жылы туулган С.Т. массалык баш аламандыктар аркылуу бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (массалык баш аламандыктар) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Келип түшкөн маалыматтын негизинде зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар уюштурулду. Жаран С.Т.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Шектүү мыйзамда каралган андан аркы аракеттерди көрүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Тергөө уланууда.

 

237