7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Массалык мушташ. Шектүүнүн үй-бүлөсү УКМК кызматкерине каршылык көрсөткөн

278

Улуттар аралык жаңжалды жаратучууларды кармоодо активдүү каршылык көрсөтүшкөндөр боюнча УКМК маалымат берди.

23-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу «Бек-Абад» текшерип өткөрүү пунктунун жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген адамдар тобунун ортосунда массалык мушташ болгон. Ошол эле учурда конфликтте улуттар аралык мүнөздөгү белгилер болгон. Окуя болгон жерге УКМКнын кызматкерлери келип видеого тартып алышкан, бирок жаңжалдын айрым катышуучулары агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге барып, чек арачыларды коркутуп-үркүтүшкөн.

УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгы улуттар аралык чыр-чатактын чыгышына жол бербөө жана аны уюштуруучулардын кылмыштуу аракеттерин документтештирүү максатында алардын тергөө органына келишин камсыз кылуу чаралары көрүлгөн.

Бирок, 1971-жылкы И.Д.Э. аттуу жаран тергөө органына келүүдөн баш тарткан. Кийинки күнү 24-октябрда ал жаранды алып келүү учурунда анын үй-бүлө мүчөлөрү активдүү каршылык көрсөтүшүп, УКМКнын кызматкерлеринин денесине залал келтиришкен.  Шектүүнү алып кетүүгө аракет кылышып, кызматтык унааларга таш ыргытышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» боюнча И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. УКМК мүмкүн болгон улуттар аралык чыр-чатактын уюштуруучуларына жана активдүү катышуучуларына мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөрүн эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

279