7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жемкор чиновниктерден жалпы 8 млрд сом өндүрдүк

811

Матраимовдун “Элдорадо” деген соода түйүнүн алып, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. Бул тууралууу президент “Кабар” маалымат агентигинде берген маегинде айтты.

Президенттин айтымында, Матраимовдун элиталуу 10 квартирасы Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратылып берилген. “Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк. “Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп.

Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты”,- деп билдирди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812