7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Президент жаңы «ак үй» боюнча: Жердин баасы 30 млн доллардан жогору турат, көчөдө жаткан эч нерсе жок

439

«Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз»,-деди президент курулуп жаткан жаңы «ак үй» боюнча «Кабар» агенттигине берген маегинде.

«Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегереги салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат.

Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Ар бир мүлктүн эсеби бар да. Көчөдө жаткан эч нерсе жок. Бүткөндөн кийин эсептешебиз. Айырмасын чыгарабыз. Биз карыз болсок, биз беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жака салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз»,-деген өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

440