Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлгөн. Исаков азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын, ал боюнча дагы маалымат берилерин кошумчалады.
«Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башчы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар», — деди ал.
Ошондой эле ал Матраимов менен кыйыр байланышы бар айрым кызматкерлер ээлеген кызмат ордуларынан төмөндөтүлгөнүн белгиледи.