7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимовдун өкүл баласы Россиядан алып келинди

243

Кара-Суу районунда мамлекеттин карамагындагы жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой жаран 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте материалдык кызыкчылыктарды көздөп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.

Алынган маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөндөр мамлекетке тиешелүү болгон жер тилкелерин жана социалдык мекемелерди мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз чыгарып, ири өлчөмдөгү зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аталган жаранга айыбы сырттан угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Айыпталуучу Россиянын аймагынан кармалып, бүгүн Кыргызстанга алып келинди.

Белгилей кетсек, айыпталуучу мурда соттолгон жана башка дагы кылмыш иштерди жасоого шектелүүдө. Күн мурун ЖМКларда Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Россияда кармалганы тууралуу маалымат чыккан.

244