Казакстанда өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып Мээрим Жуманазарова четтетилип калган.
Мээримдин атаандашы болгон Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берген.
«Бул жерде башкача кылуу мүмкүн эмес. Ооба, катаал болду. Бирок тыюу салынган ыкмаларды колдонбоого аракет кылдым. Мен атайын жасаган жокмун, башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым, ушундай болуп калды. Болгону жеңгенге аракет жасадым. Бул деген күрөш, мен медалды ага берүүгө даяр эмес элем, ошондуктан болгон күчүм менен күрөштүм» — дейт спортчу.