Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирди
Жыйында ал өз каалоосу менен кызматын бошотуп бергенин билдирди. “Бул чечимди мен өзүм кабыл алдым, мени эч ким мажбурлаган жок”, — деди ал.
Эскерте кетсек, Медер Алиев аталган комитетти бир жыл жетектеди.