Эрлан Медербеков: Бажыны тоноп, салыкты уурдап байыгандар — тазалыкка, тартипке, мыйзамга, эрежеге моюн сунгулары келбей жатат.
‘Өлкөнүн кирешеси өссө — карапайым элдин жашоосу оңолот. Балдары жаркыраган мектептен билим алып, заңгыраган жолдор курулуп, бала бакча тартыштыгы жоюлат. Булар алсыз өлкө деп көз арткандар сестенет.
Тилекке каршы, мамлекет 30 жылдан ашуун кузгундарга тонолду. Өнүккөн мамлекеттерде негизги киреше — салыктан чогулат. Биз суктанган Европа мамлекеттеринде жашагандар тапканынын теңинен көбүн салык төлөшөт. Эң эле арзан салык Кыргызстанда. Керек болсо кошуна казак, өзбектерде салыктын көлөмү бизден көп.
Убагында чогула турган салыкты — Салыкка чоң болуп келген жетекчилер аркылуу ири чиновник, кызылы-карасы, президенти баш болуп уурдашкан.
Бажыдан казынага түшө турган салык кирешелерди — Бажынын чоңу аркылуу уурдашкан. Бир эле салыкчынын, бажычынын байлыгы мамлекеттин байлыгына тете болуп кеткен.
Ошентип, карапайым эл жакырланып, бир ууч уурулар эбегейсиз бутуна турган.
Мамлекет сырттан карыз алып, өлбө жаным өлбө деп эптеп күн өткөргөн.
Акыркы эки жылдан бери бул чириген системалар бузулуп, мыйзамдуу талаага кайтып келе жатабыз. Ишкерлер, иштеп пайда тапкандар мамлекеттин энчисин, салыгын төккөндү үйрөнүп баштады. ККМ аппараты аркылуу акырындап тартипке үйрөнүп келе жатабыз.
Мамлекетте тартип орногону Кыргызстандын бюджети эки эсе көбөйдү, ИДП көлөмү триллиондон ашты! Быйыл жүздөгөн курулуштар бүтүп жатат.
Мамлекет — ОПГ, коррупция, бангизат жана сойкулук менен алектенгендерди тыйып, мыйзам бузбай жашаганга аракет кылууда.
Бул белгилер, бул аракеттер — жакынкы жылда Кыргызстан гүлдөп өнүккөн, жаркын келечеги бар өлкөгө айланат деген үмүт, ишеним!
Ушундай аракеттерге мурдагы ууру-коррупционерлер бут тосуп, арам кирешелеринен айрылып калганына ичтери күйүп, жөнөкөй соодагерлердин артына жашынып алып митинг уюштуруп жатышат.
Карапайым элге кайрылат элем, 30 жыл силердин жонуңардан кайыш тилип, уурдап, кайра тоокко жем чачкандай себелеп койсо “ушул адам кайрымдуу экен”-деп алданып келдинер. Эми ууруларга алданбагыла, мыйзамдуу жашаганга силер ар бириңер жардам бергиле!»,-деган ал.
Автор: Эрлан Медербеков