7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медицина факультетинин деканы жасалма дипломдорду жасаган

687

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бети ачылды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, кыргызстандын жараны Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн, Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды.

Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688