Москвада ыйык Орозо айында кыргыз-тажик диаспорасынын демилгеси менен биргелешкен ооз ачуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Иш-чарага эки өлкөнүн элчиликтеринин кызматкерлери, аксакалдар, диний ишмерлер, активисттер, жана ар тармактын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар ынтымакка чакырган бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, бардыгына бакубатчылык жана ден-соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалашты.
Диний ишмерлер ыйык Орозо айы тууралуу сөз сүйлөшүп, бул мезгил ырайымдуулуктун, дуба кылуунун, жек көрүүчүлүктөн, кастыктан алыс болуу мезгили экендигин баса белгилешип, бул жерде ар бир мусулман туура эмес иштерден тыйылуусу, сабырдуу, кайрымдуу, боорукер болушу керектигин айтышты. Жолугушуунун катышуучулары бири-бирине жакшы ниеттердин аткарылышын, ден-соолук, бакыт-таалай жана өнүгүү каалашып, Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн көп жылдык достук жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо үчүн өздөрүнүн пикирлерин айтышты.
Жолугушуу достук жана иштиктүү форматта өттү. Тараптар чек ара аймактарында да, Россия Федерациясынын көп улуттуу чөйрөсүндө да чыр-чатактарды болтурбоо максатында кызматташууну бекемдөөгө ниеттенишүүдө.