7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээрим Жуманазарова UWW рейтингинде 16-орундан 4-орунга көтөрүлдү

583

Париж шаарында жыйынтыкталган Олимп оюндарындагы көрсөткүчтөн кийин Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) рейтингин жаңылады.

Анда Кыргызстандын балбан кыздары алдыңкы орундарын алды. Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) Олимпиаданын жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеп, коло медаль уткан. Бул жыйынтык менен дүйнөлүк рейтингдеги 1-орундан 3-орунга тушту. Ал эми 1-орунга Олимпиаданын чемпиону болгон япониялык Сакура Мотоки,

2-орунга украиналык Ирина Коляденко жайгашты.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта Парижде 5-орунду ээлеп, рейтингдеги 1-орундан 4-орунга жылды.

Мээрим Жуманазарова Париж шаарында күмүш медаль уткандан кийин дүйнөлүк рейтингдеги 16-орундан 4-орунга көтөрүлдү.

584