«Альфа Телеком» ЖАКтын (MEGA соода маркасы) Мамлекеттик өнүктүрүү банкка сатылышы компаниянын ишмердигине жана тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 11-октябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан электрондук аукцион өткөрүлгөн.
«Аукциондун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакети 100% мамлекетке таандык «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсына активдер жана капиталдаштыруу катары өткөрүлүп берилет, бул компаниянын ишмердигине жана абоненттерге тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт, бирок компаниянын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүчү инвестицияларды натыйжалуураак киргизүүгө гана салым кошот. Мобилдик оператордун маалыматы боюнча, «MEGA динамикалык өнүгүү үчүн алган курсун улантат. Компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Байланыш инфраструктурасы кыйла интенсивдүү өнүктүрүлөт жана өзгөчө Кыргызстандын жетүүгө кыйын аймактарында тармактын камтылышын андан ары кеңейтүүгө багытталган. Мобилдик оператор мындан ары да Fintech секторуна чоң көңүл бурат»,- деп берилет маалыматта.
Байланыш жана санариптик кызматтардын сапатын өнүктүрүү жана жакшыртуу оператордун артыкчылыктуу милдеттери бойдон калууда. Максат мурдагыдай эле – Кыргызстандагы алдыңкы жогорку технологиялуу уюлдук оператор болуу.