7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мейкин Азия» фестивалы чоң салтанат менен жыйынтыкталды

219
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.
25 өлкөнүн аткаруучулары катышкан сынактын баш байгесин румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды.
Жеңүүчүлөр:
I орун — Урмат Сатыбалдиев (Кыргызстан);
II орун — Камир (Кыргызстан), Кира Гоголадзе (Россия) жана Виталий Дроп (Беларусь). Үч аткаруучу ээ болду;
III орунду —Полина Тасева (Түндүк Македония) жана Тулкин Тажиев (Өзбекстан) ээлешти;
“Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” байгесине Саха Республикасынан келген катышуучу Кирилл Матвеев татыды.
Ошондой эле концерттин жүрүшүндө казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргызстандын эл артисти наамы берилди. Димаш сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, казакстандык ырчы — «Мейкин Азия» фестивалынын алгачкы баш байгесинин ээси. Сынак 2013-жылы өткөн.
220