7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

255

Бүгүн, 17-декабрда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Мейкин» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, — деп белгиледи Садыр Жапаров. 

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга «Мейкин» сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.  

«Мейкин»-2024 сыйлыгынын лауреаттары төмөнкүлөр: 

Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы 

“Бир эл – бир түндүк” номинациясы; 

Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору 

«Керемет Кыргызстан» номинация; 

Мария Индина, «Акчабар» финансы порталынын башкы редактору  

“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы; 

Алимжан Алибеков, «Кут Билим» басылмасынын редактору 

“Билим келечек” номинациясы; 

Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы 

«Куттуу элет» номинациясы; 

Аида Аматбекова, «МИР» МТРКнын кабарчысы 

«Мекен жана мен» номинациясы; 

Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер  

«Мекендештер» номинациясы;

Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу 

“Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы; 

Елена Череменина, «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси 

«Сергек жашоо» номинациясы; 

Улан Эшматов, эркин журналист 

«Таза Мекен» номинациясы.

256