Чүйдө мейманканалардын биринен баңгизатын сатууга аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүйдө жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатууга аракеттенген 1982-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Тергөө абагына киргизилген.
Жарандын сумкасынан 3 жарым килограммдан ашуун баңгизат аныкталып, ал апийим болгондугу тастыкталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.