УКМК тарабынан өлкөдөгү мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
ЖОЖдор тарабынан берилген текшерүүдөгү дипломдордун саны жөнүндө маалымат:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) — 11;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) — 5;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) — 5;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). — 3;
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) — 2;
- Финансы-экономикалык академиясы — 1;
- Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы — 2;
- К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети — 1;
- “Дастан” технологиялык университети — 1;
- Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту — 1;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) — 1;
- Бишкек технологиялык колледжи — 1;
- Бишкек финансы-экономикалык техникуму — 1;
- Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
- Ош технологиялык университети — 1;
- Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
- К.Батыров атындагы элдердин достугу университети — 2;
- Чүй Университети — 1;
- Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму — 1;
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети — 3;
- Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы — 1 Балыкчы социалдык-экономикалык институту — 1;
- Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби — 1;
- Талас мамлекеттик университети — 1;
УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскертет.