“Казакстандын жарандары Меккедеги саат мунарасындагы музейге барганда атайын арзандатууларды жана жеңилдиктерди алышат”-, деп жазды Казинформ маалымат агенттиги.
Казакстан Республикасынын Жидда шаарындагы башкы консулу Руслан Коспанов менен музейдин башкы директору Наиф Аль-Малакинин жолугушуусунда тараптар туризм, илим жана маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.
Алгачкы кадам катары «Саат мунарасы» музейине келген Казакстандын жарандарына атайын арзандатууларды жана жеңилдиктерди берүү боюнча келишим түзүлдү.
Мындан тышкары, Казакстандын расмий делегацияларынын музейге баруусу үчүн атайын шарттар түзүлөт жана көчмө аудиогид үчүн колдонулган тилдердин тизмесине казак тили дагы киргизилет.
Бул дүйнөдөгү эң чоң саат, анын диаметри жана бийиктиги болжол менен 43 метрди түзөт.
«Саат мунарасы» Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Анын бийиктиги 601 метрге жеткен дүйнөдөгү үчүнчү эң бийик имарат болуп саналат.
Мунаранын чокусундагы эң бийик жарым ай формасындагы күмбөз — бул 23 метрлик алтын жарым ай, анын салмагы 35 тоннадан ашып, 30 чакырымга чейинки аралыктан көрүнгөн лазердик прожекторлор менен жарыктандырылган.



