7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептер жана бала бакчалар 9 күн эс алышат

982

1-майдан 10-майга чейин Билим берүү уюмдары иштебейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Министрлер кабинетинин ушул жылдын 14-апрелиндеги №212 токтомуна ылайык беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген бардык мамлекеттик жана муниципалдык жалпы орто билим берүү уюмдары (мектептер), мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакчалар) жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары үчүн 1-майынан 10-майына чейин дем алыш күндөрү деп жарыяланды.

«Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген билим берүү уюмдарында 4-майда өтүлүүчү сабактар 30-апрелинде, 6-майдагы сабактар 14-майда өтүлөт.

Ошондой эле 2, 3, 5 жана 9-майга туш келип, өтүлбөй калган сабактарды мектептердин администрациялары жакынкы күндөргө сабактардын кошумча жүгүртмөсүнө киргизүүгө тийиш.

Беш күндүк окуу аптасы боюнча иштеген жеке менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилигине окуу процессин жогоруда көрсөтүлгөн токтомго ылайык уюштуруу сунушталат», — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

983